www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө COVID-19дан 6 миллиондон ашык адам каза болду

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 463,6 миллиондон, курмандыктардын саны 6 миллиондон ашты.

Акыркы сутка ичинде дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 2 миллион 201 миң 551 адамга көбөйдү.

Бул тууралуу маалымат окумуштуулар иштеп чыккан онлайн картада көрсөтүлгөн.

Жалпысынан дүйнөдө 463 миллион 663 миң 236 адам коронавирус жуктурган. Жуктуруу учурлары боюнча тизменин башында АКШ (79 миллион 631 миң 777), Индия (42 миллион 998 миң 938), Бразилия (29 миллион 488 миң 777), Франция (23 миллион 946 миң 847), Улуу Британия (20 миллион 59 миң 335), Орусия (17 миллион 196 миң 841), Түркия (14 миллион 623 миң 28), Аргентина (8 миллион 985 миң 836), Иран (7 миллион 133 миң 139), Колумбия (6 миллион 78 миң 487), Испания (11 миллион 260) миң 40), Италия (13 миллион 563 миң 466) жана Германия (17 миллион 821 миң 440) турат.

Дүйнө жүзү боюнча илдеттен каза болгондордун саны 6 миллион 57 миң 996га жетти. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 6 миң 985 адамга көбөйгөн. Анын ичинде АКШда жалпысынан 968 миң 326 адам, Бразилияда – 656 миң 231, Индияда – 516 миң 72, Мексикада – 321 миң 375, Орусияда – 355 миң 267, Улуу Британияда – 163 миң 833 жана Италияда – 157 миң адам курман болгон.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын расмий саны 200 776, Казакстанда 1 393 103, Өзбекстанда 237 341, Тажикстанда 17 786 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости