www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин жана Президенттин Администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров монументтин алдына гүл коюшту.
Булак: NazarNews.kg