www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүр бүтсө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм

Бир даанышман кишиден “өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз?” деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет:

Укугу тепселенген адамга кеч болсо да жардам берилээрин түшүндүм. Жылуу сөз, жылмайып турган жүз – адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм.

Ден соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам – бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм. Өмүр бүтсө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм. Адамдар менен сапарга чыгуу бул – микроскоп сыяктуу.

Ал адамдардын ички дүйнөсүндө эмнелер бар экендигин көргөзүп берерин түшүндүм. Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан сөзсүз ошондой мамиле көрөрүңдү түшүндүм.

Жалкоолонуп, эч нерсе кылбай, ар кимден суранган адамдын ырыскысын Жараткан кем кылып коёрун түшүндүм. Чыныгы ыклас менен кылынган тилек-дуба сөзсүз бир күнү кабыл болорун түшүндүм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости