www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамбетовдун куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер, касиеттүү Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

Жалпыңыздарды бүгүнкү Нооруз майрамыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Дүйнөдө тилеги жакшы, таза, элдин жүрөгүнөн орун алган элдик майрамдар көп, ал эми Нооруз ошол майрамдардын арасынан өзгөчө орунга ээ.

Нооруз майрамы миңдеген жылдык тарыхы бар, мааниси-мазмуну терең, байыркы элибиздин өзгөчөлүгүн жана уюткулуу эл экендигин түшүндүргөн майрам катары айырмаланып турат.Ошондуктан бул улуу майрам ар бир үйдө, ар бир үй-бүлөдө кайра жаралуу жана жаңылануунун майрамы катары эң таза тилектин, аруу ойлордун майрамы.

Касиеттүү элибиз кылымдар бою жыл тогошоор маалды чыдамсыздык менен күтүп, анын келишин ак бата жана тилектер менен Жараткандан үмүт этишкен.

Ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул күндү өзгөчө кастарлашып, бири-бирине тунук пейил, таза ыйман менен куттук айтышып, сүмөлөк кайнатышып, таттуу тилектерди тилеп келишкен.

Эзелтеден Ноорузду утурлай энелерибиз адамга күч-дем берүүчү сүмөлөк, боорсок, сары май, эжигей даярдашып элдин баарына даам таттырышкан, ошондой эле боорукердик менен мамиле жасап, муктаждарга жардам беришип, жаштарыбыз кутман карыялардан бата алганы умтулушкан.

Нооруз – жаңылануунун жана жаштыктын символу, адамдардын жүрөктөрүнө жаз тартуулаган, жан дүйнөнү тазарткан касиети менен баалуу.

Жаз күнүндөй аруулуктун, сулуулуктун, мээримдүүлүктүн, ынтымактын белгиси болгон Нооруз жергебизге ырыскы, береке алып келсин.

Ылайым Нооруз майрамыбыз тынчтыкты жана бакубат бейпил турмушту ар бир үй-бүлөгө, касиетүү Ош шаарыбызга, жалпы мамлекетибизге алып келсин. Көп улуттуу элибиздин коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин!

Майрамыңыздар кут болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости