www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык Politico басылмасынын материалында АКШнын президенти Джо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин өткөн аптада болгон сүйлөшүүсү Орусиянын Украинадагы атайын операциясы боюнча алардын турумдары ортосунда тереңдеп бараткан ажырымды ачыкка чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости баяндайт.
Байден Сини операцияны токтотуу үчүн Кытайдын таасирин колдонууга көндүрө алган жок, деп белгилейт Politico. Тескерисинче, эки лидердин сүйлөшүүсү КЭРдин президентин АКШнын Украина кризисин тутантуудагы жана Тайвань маселесиндеги ролун кыйыр түрдө сындаганга түрттү, деп айтылат макалада.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Си менен Байдендин сүйлөшүүсүнө бир нече саат калганда жасаган билдирүүсүндө, Кытайдын Украина кризиси боюнча кабыл алган чечимдери АКШнын күтүүлөрүн актай албайт деп болжолдогон. Анын ордуна Кытай Орусия менен мамилесин чыңдап, Вашингтондун операцияны токтотуу аракетине каршы чыгып жаткандай.
Белгилей кетсек, Байден менен Си ортосундагы сүйлөшүү жума күнү болгон. Мамлекет башчылары видеобайланыш аркылуу эки саатка жакын сүйлөшкөн. АКШ администрациясынын жогорку даражалуу чиновниги журналисттерге Байден эч кандай талап койбогондугун, болгону Вашингтондун Украина айланасындагы учурдагы кырдаалга көз карашын белгилегенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg