www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Бабановдун миллион сомдук доосу боюнча сот уланууда. Бул тууралуу белгилүү журналист Эламан Карымшаков социалдык баракчасына жазып чыкты.
Бүгүн, 24-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда кезектеги отурум болду. Бабанов өзү келген жок, жактоочусу гана катышып жатат. Алар менден үч нерсени талап кылууда:
1. “Фрунзе” гипермаркеттер түйүнүн негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековдун интервьюсун өчүрүүнү;
2. “Бабанов ууру”, “мошенник”, “алдамчы”, “рейдерлик захват кылып алды” деген сыяктуу сөздөрдү төгүнгө чыгарууну;
3. Моралдык зыян катары Бабановго 1 млн. сом төлөп берүүнү. Анткени интервью чыккандан кийин Бабанов уйкусуздук, жүрөк жана баш ооруларына кабылыптыр.
Санаалаштарына жана бизнестеги шериктештерине актанууга аргасыз болуптур.
1 млн. сомдук доо Жээнбековго да коюлган.
Мени “Медиа Полиси институту”, анда иштеген Акмат Алагушев жана Нурбек Сыдыков жактап жатат.
Биз коюлган доомат менен макул эмеспиз. Судья Уланбек Шаматовго эч кандай мыйзам бузбаганыбызды айтып, көрсөтүп да атабыз. Экинчи тарапка барсак Бабановдор жооп берүүдөн баш тартканын, суроолорду кат түрүндө жиберсек да жооп берүүдөн баш тартышканын көрсөттүк.
Өздөрү жооп берүүдөн баш тартып алып анан, аягында доо койгону бизге түшүнүксүз. Анан калса, Бабанов өзү да Жээнбековду “ууру”, “жалганчы”, “мошенник” деп негизсиз айыптаган видеосун жарыялаган. Бул боюнча “Фрунзенин” негиздөөчүсү да доо арыз менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылып, каралууда.
Бабанов мени дагы негизсиз айыптап, “Эламан Карымшаков Болот Жээнбеков менен биригип алып, бизден акча “вымогать” этип жатат”, деп айткан. Мындай далилсиз сөзү менин да кадыр-баркыма шек келтирет. Ушул сөзү үчүн мен да доо койсом болмок. Бирок мен кадыр-баркым кандай экенин далилдегенге муктаж эмесмин. Ансыз да эл көрүп-билип турат.
Бүгүнкү отурумда Жээнбековдун жактоочусу доо арызда жазылгандарга лингивистикалык экспертиза дайындоону суранды.
Кийинки процесс 18-ноябрда, саат 14:00дө болот, - дейт Эламан Карымшаков.
Булак: NazarNews.kg