www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Түркиянын НАТОго мүчөлүгү өлкөнүн БРИКСке кошулушуна тоскоол болбой турганын айтты. Ал белгилегендей, БРИКС өлкөлөрдү кайсы мамлекеттер жана уюмдар менен кызматташып, кайсынысы менен кызматташа албай турганын тандоого мажбурлабайт.
«БРИКСтин алкагында кызматташуунун жагымдуулугу – бул эч ким «же/же» деген суроону бербейт. Бул НАТО менен Евробиримдиктин койгон шарты», - деди Песков мырза НТВ телеканалына берген маегинде.
Ал бул факт ассоциацияны кызматташуу үчүн ого бетер жагымдуу кылып жатканын баса белгиледи.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казанда 22-24-октябрга чейин өтүп жаткан БРИКС саммитине катышууну пландоодо. Анын сапары Түркия менен ассоциация өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошушу керектигин айтты.
БРИКСке тогуз өлкө кирет: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Египет, Иран, БАЭ жана Эфиопия. Малайзия менен Азербайжан 2024-жылы кошулууга арыз берген.