www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга парламентте аткарган иши боюнча отчёт бергени келгенин билдирди. Текебаев өз сөзүндө: "Бүгүн Жогорку Кенештин комитетинде элчиликтин иши боюнча маалымат бердим. Коллегаларды сагынып калыптырмын", - деп депутаттар менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Ал эми ишмердүүлүгү тууралуу, эмнени кыйратканы боюнча бир ооз сөз жок. Элчи болуп кеткенден берки Кыргызстан үчүн жасаган ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берип, ишмердүүлүгүнө баа алганы келген соң, коомчулукка деле баландай-түккүндөй ишти кыйратып салдым деп учкай айтып койсо жарашмак.
Арийне, өлкөгө канчалык инвестиция тарта алды ким билсин, бирок Германияга кыргыздын уул-кыздарын мандикер кылып жумшап берүү үчүн 50 миңге чейин иш орундарын сүйлөшүп жатканын аябай чоң жетишкендик катары катуу пиарлаган жайы бар. Бул эми жетишкендикпи, же өз элин тентитүүгө салымбы, айтуу кыйын.
Убагында "көп күтпөйсүңөр, ашып баратса бир-эки жыл. Бүгүлүп, жүгүнүп туруп кол чаап, түптүз Түркмөнстан болосуңар" дегенди айтып туруп, "бүгүлүп, жүгүнүп туруп кол чапканды" баштап берди. Мына ошол Текебаев баштаган көч уланып жатат...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.
Булак: NazarNews.kg