www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Le Monde басылмасы «Франция НАТОнун Литвадагы саммитинде Украинанын альянска кирүүсүн колдойт», - деп жазып чыкты. 

"Украинанын НАТОго кириши Россиянын согуш операциясын токтотуп, Зеленскийдин сүйлөшүүлөргө барышын шарттайт", - деп эсептейт Париж. 

Батыш серепчилери «Франциянын позициясы Германияныкына караганда Польшаныкына жакындады» деп түзүлгөн кырдаалга мүнөздөмө беришүүдө.

НАТО саммити июль айынын ортосунда Вильнюста өтөт. 

"Украинанын келечеги НАТО", - деп билдирди альянстын башчысы Йенс Столтенберг.    

The New York Times басылмасы "НАТОнун чыгыш флангасы болгон Россия менен чектеш мамлекеттер Джо Байденге кысым көрсөтүп башташты. Алар Украинаны тез арада НАТОго киргизүү талабы менен чыгып жатышат. Бирок Джо Байден "Украина НАТОго кирүүдө жөнөкөйлөтүлгөн шарттар менен эмес, а бардык талаптарды сактап, тиешелүү стандарттарга жооп берүүсүн" талап кылууда", - деп жазат.  

Россия бийлиги болсо Украинанын альянска кирүүсүнө каршы чыгууда. Владимир Путин "Түндүк атлантика альянсынын мындан аркы кеңейиши аркылуу Украинаны согуштук аймакка айлантууга каршыбыз", - деп так кесе билдирген. Кремлдин баалоосунда "Киевдин альянска кирүүгө жан талашуусу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечегине балта чабууда".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости