www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун РИИБинин убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБинин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча аталган РИИБинин коштоо тобунун кызматкери С.А. жана Э.А. жана А.Ж. аттуу жарандар кармалды.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, 19-июнда милиция кызматкери С.А. Бишкек шаарынын тергөө камак жайына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышууга алып чыккан. Кайра кайтып келе жаткан учурда, камакка алынган Э.А.нын жарандык күйөөсү А.Ж.дан милиция кызматкери акчалай сыйлык үчүн соттук отурумдан кийин Сокулук районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде камакка алынган Э.А. менен  жолугушууну сүйлөшүп алганы аныкталып, ошол жерден кармалышкан.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Сокулук РИИБнин кызматкери УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости