www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэри эрдиктин жана патриоттуулуктун үлгүсү болгон баатырлардын каармандыгын кийинки жаш муундарга айтып берүү маанилүү экенин белгиледи.

 Бүгүн борбор калаада Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев жана анын эрдиги эскерилди.

Бишкек мэриясынан аталган митинг-реквием баатырдын ысымы коюлган сейил бакта өткөнүн билдиришти.

Ал жерге келгендер баатырдын эстелигине гүл коюп, бир мүнөт унчукпай турушту. Ардактуу кароол Мекен үчүн жанын берген Түлөбердиевдин эрдигине таазим кылып, асманга ок чыгарды.

Бишкек мэри Жунушалиев эрдиктин жана патриоттуулуктун үлгүсү болгон баатырлардын каармандыгын кийинки жаш муундарга айтып берүү маанилүү экенин белгиледи.

"Согуштун каардуу жылдарында анын бардык кыйынчылыктарын башынан өткөрүп, өмүрүн тобокелге салып Улуу Жеңиш үчүн кан майданга аттанган мекендештерибиздин, баатырларыбыздын, анын ичинде Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги менен ар дайым сыймыктанабыз", — деген калаа башчысы.

Ал 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

Түлөбердиевдин сөөгү ал курман болгон Селявный кыштагындагы Кашка тоого (Лысая гора) коюлуп, эстелиги орнотулган. Анда "Эрдигиң менен элиңди сактап калдың" ("Подвигом своим ты обессмертил свой народ") деп жазылып турат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости