www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоламандын коло медаль үчүн күрөштөгү атаандашы ким?

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөштө Жоламан Шаршенбековдун атаандашы аныкталды.

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

1/8 финалда казакстандын балбаны Айдос Султангали менен күч сынашып, аны 6:3 эсебинде жеңип алган.

Чейрек финалдык беттеште румыниялык балбан Разван Арнаут менен беттешип, аны мөөнөтүнөн эрте жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда Япониянын балбаны Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:3 эсеп саны менен Жоламан Шаршенбеков жеңилип калган.

Бүгүн, 6-августта Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы ирандык Мехди Мохсеннежад болмокчу. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

Последние новости