www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын апрель айынан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысы орточо 100 пайызга жогорулатылды.
Маалыматка ылайык, эмгек акыны жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык ишке ашырылган.
Буга чейин дарыгер-эксперттер орточо 14 миң сом, ал эми МСЭКтин төрагалары орточо 25 миң сом айлык алышкан. Азыркы учурда аймактык комиссиялардын дарыгер-эксперттеринин эмгек акысы эмгек стажына жана кошумча төлөмдөргө жараша 50–60 миң сомду түзөт.
Бийик тоолуу аймактарда бул көрсөткүч 80–90 миң сомго чейин жетет.
Министрликтин маалыматына ылайык, эмгек акыны жогорулатуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтуунун жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуунун натыйжалуу чараларынын бири болуп саналат.