www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөш боюнча төртүнчү жумалыгында сөз сүйлөдү.
Анын баяндамасы “Куралдуу жаңжал аймактарынан кайтып келген адамдарды сот жообуна тартуу, реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо жаатындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” темасына арналды.
Өз сөзүндө Адилет Орозбеков Кыргызстанда согуш жүргөн аймактардан кайтарылган жарандарды реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ал Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдө репатриация боюнча улуттук программа ырааттуу ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Анын алкагында төмөнкү иштер аткарылган: – “Мээрим” гуманитардык миссиясынын жүрүшүндө (2021-жыл) Ирактан 79 бала кайтарылган; – “Айкөл” операциясынын алты этабында (2022–2024-жылдар) Сириядагы лагерлерден 470 адам, анын ичинде 150 аял жана 320 бала кайтарылган; – 2024–2025-жылдардагы кошумча этаптардын жыйынтыгында кайтарылган жарандардын жалпы саны 551 адамга жеткен.
Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекет балдардын кызыкчылыгын коргоого өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, алардын коомго толук кандуу интеграцияланышы үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.
Анын айтымында, бул багыттагы иштер саламаттыкты сактоо, социалдык жана психологиялык колдоо, билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу жана коопсуздукту камсыздоо сыяктуу багыттарды камтыган комплекстүү мүнөздө болушу керек.