www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте тубаса жүрөк кемтиги бар балдарга операцияны күтүү мөөнөтү 10 күндөн 1–1,5 айга чейин созулат.
Бул тууралуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХОТИИ) директору Жалил Шейшенов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын мекеменин тубаса жүрөк кемтиктерин хирургиялык дарылоо бөлүмүндө 350–400 операция жасалат.
Адис белгилегендей, балдардын жашап кетүү көрсөткүчү жүрөк кемтигинин татаалдыгына жана жасалган операциянын түрүнө жараша болот. Балдар кардиохирургиясында кемтиктердин 100гө жакын түрү изоляцияланган түрдө, ал эми комбинацияланган түрлөрү менен кошкондо 130дан ашык түрү бар.
Операциялар татаалдыгына жараша алты категорияга бөлүнөт. Эң оор алтынчы категориядагы операцияларда өлүм көрсөткүчү 50 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Ал эми 3–4-категориядагы операцияларда бул көрсөткүч 5 пайызга чейин болот.
Оор абалдагы жана аз салмактагы балдарда өлүм көрсөткүчү 10–12 пайызга чейин жетиши ыктымал.
Жалил Шейшеновдун айтымында, дүйнөлүк статистика боюнча 100 миң жаңы төрөлгөн ымыркайдын 8–12синде жүрөк кемтиги кездешет. Азия өлкөлөрүндө бул көрсөткүч жогору.
Операцияларды күтүү мөөнөтү орто эсеп менен 10 күндөн 1–1,5 айга чейин түзөт. Өзгөчө оор учурларда бейтаптар кечиктирилбей ооруканага жаткырылат.
“Жай мезгилинде чоңдор азайгандыктан, айрым палаталар балдар үчүн бөлүнөт. Ошондуктан бейтаптардын саны көбөйүп, орун жетишсиздиги жаралат”, — деди институттун директору.
Мекемеде 6 жашка чейинки балдарга мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында операциялар акысыз жүргүзүлөт.
Белгиленгендей, 2025-жылы операция жасалган ымыркайлардын үлүшү 36 пайызды, ал эми 2026-жылы 43 пайызды түзгөн.
Адистер муну диагностиканын жакшырганы менен түшүндүрүшүүдө.
Эске салсак, 2025-жылдын февраль айындагы өрттөн кийин институт бир жылдан ашык убакытта тар шарттарда иштеп келген. Кийин ал убактылуу Республикалык диагностикалык борборго жана Улуттук госпиталга жайгаштырылган.
Учурда мекеме капиталдык оңдоодон кийин кайрадан өз имаратында ишин улантууда.