www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл өлкөдө Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2020-жылдагы Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. 22-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы.

Курмандыкка бодо малдар тактап айтканда төө, уй жана кой жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан чоң болушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости