www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазы өз алдынча окулат.  Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алып, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу коопту болгонуна байланыштуу, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

"Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окулсун. Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости