www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-октябрда Ташкент шаардык соту хиджаб маселесин козгогон блогерлер Рустамбек Каримов менен Тулкин Астановго карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку Сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Өкүмгө ылайык, Рустамбек Каримов “коомдук коопсуздук жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды сактоо жана жарыялоо” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, жалпысынан 3 жыл 1 айга эркинен ажыратылды. Ал жазасын жатак абакта өтөйт.
Тулкин Астанов да ушул эле берене боюнча айыптуу деп табылып, шарттуу түрдө 5 жылга кесилди.
Быйыл 8-апрелде Рустамбек Каримов менен Тулкин Астанов “Фейсбуктагы” баракчаларында түз эфирге чыгып, Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгына барышканын билдиришкен. Алар хиджабга тыюу салууга каршы чыгып жана адал продукциялар боюнча өз позицияларын билдиришкен. Ошол эле күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери аларды кармап кеткени кабарланган.
Рустамбек Каримов менен Тулкин Астанов социалдык түйүндөр аркылуу муфтиятты сындап, белгилүү өзбек дин ишмерлеринин карикатураларын жарыялап турушкан. Блогерлер Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы мусулмандардын укугун тиешелүү деңгээлде коргобойт деп эсептешет.
Булак: NazarNews.kg