www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайрат Кыргыз деген бир "көп кырдуу", опурталдуу талант бар биздин шоу бизнесте. Эмне жөнүндө ырдайт, ырынын мааниси эмнеде экенин эч ким деле түшүнө бербейт. Эми ошол жигит келээрки парламенттик шайлоого катышмай болуптур. Жада калса бир нече саясий партиядан дагы сунуш түшкөн имиш. Биздин саясий элитанын деңгээлин эске алганда ага таң калып деле кереги жок. Таң калычтуусу ал азыр ошол партиялардын арасынан тандоо жүргүзүп, башы маң болуп жаткан экен.
- Мен ушул адамга же ушул партияга добушуңарды бергиле деп үндөбөйм. Тамашасы жок, мен парламенттик шайлоого катышам. Ал эми кайсыл партия менен шайлоого аттанам, аны жакында билесиңер – дейт ал.
Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында мурдагы зектер, криминал, баш кесерлер, бизнесмен, клоундардан куралганын эске алганда “сен эле жетишпей жаттың эле” – дегиң келет экен.
NazarNews.kg