www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтийдин орун басары кызматтан кетти

Муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев кызматтан кетип, анын ордуна Самидин Атабаев дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир Ракиев кол койгон. Ал эми Шергазиевдин башка кызматка өткөндүгү айтылды. Атабаев буга чейин Бишкек шаарынын казысы болчу. Азыр бул кызматка Шакир Маматов келди.

Самидин Атабаев ага чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген. Ал 1973-жылдын 27-декабрында Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.

Диний жана светтик жогорку билимге ээ. Кыргызстан Ислам институтун, андан кийин Орусия Ислам университетин ийгиликтүү аяктап, Ош мамлекеттик юридикалык институтунан "юриспруденция" адистигине ээ болгон. 1995-1996-жылдары аскердик кызматын өтөгөн.

Орусияда жана Татарстанда куран жарышы боюнча өткөрүлгөн сынактарда биринчи орундарды камсыздаган. Мындан сырткары, волейболго кызыгат. Орус, түрк, өзбек жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки уул жана үч кыздын атасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости