www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзүү менен, биздин өлкө региондогу туруктуулукту сактоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап келет», - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, «Калкан – 2022» атайын тактикалык машыгуусунда.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чаранын катышуучуларынын алдындагы өз сөзүндө мамлекет башчы төмөнкүлөрдү белгиледи: «Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары, кадырлуу меймандар! «Калкан – 2022» атайын тактикалык машыгуусун уюштурууга жана өткөрүүгө катышкандар, саламатсыздарбы!

Бүгүнкү тактикалык машыгуу өз максаттарына жетти десем болот! Машыгуулардын жыйынтыгында өздүк курамдын чеберчилиги артып, ар кандай күч жана каражаттардын биргелешкен аракеттери жогорулап, коопсуздукту камсыздоо тутумун өркүндөтүү ишинде жаңы багыттар пайда болоруна ишенем.

Өзүңүздөр билесиздер, азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары көп кырдуу жана аймактар аралык мүнөздө. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, айрыкча Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу террордук жана диний-экстремисттик коркунучтардын жогорку деңгээлде сакталып турушу өзгөчө кооптонууга алып келет.

Бул коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган эмиссарлардын жана согушчан топтордун өлкө аймагына кирип келүү ыктымалдыгы, алардын жашыруун аракеттери менен шартталган.

Бул өңүттөн алып караганда, ар түрдүү коркунучтарга ыкчам жана тийиштүү жооп кайтарууга жөндөмдүү болгон улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу зарыл.

Эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнүн негизги шарттарынын бири мыйзамсыз куралчан түзүмдөрдү күч менен басуу тажрыйбасы менен радикалдуу күчтөрдү жана террордук көрүнүштөрдү алдын алуу саясатынын айкалышы болуп саналат.

Биз коркунучтардын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди бардык коңшу өлкөлөр менен биргеликте жүргүзүшүбүз керек деп эсептейбиз. Биздин өлкө бардык кошуна өлкөлөр менен тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзүп, региондогу туруктуулукту сактоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап келет. Укук коргоочулар менен атайын кызматтар эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн жана экстремисттик агымдардын жактоочуларын аныктоону жана зыянсыздандырууну улантышууда.

Бүгүнкү машыгуу – ыкчам, маалыматтык-аналитикалык, командалык-штабдык жана уюштуруучулук-тактикалык кылдат иштин жыйынтыгы. Бул жерде өз ара тыгыз кызматташуу, ар тараптан камсыздоо тапшырмаларын так аткаруу маанилүү роль ойнойт.

Машыгуулардын активдүү фазасы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна болгон бардык коркунучтарга карата адекваттуу жооп кайтаруу чараларын көрүүгө даярдыгыбызды тастыктайт.

Бүгүнкү машыгууларда Кыргызстанда алгач ирет учкучсуз учуучу аппараттардын, көп максаттуу автоунаалардын жана курал-жарак менен техникалардын, дагы башка заманбап каражаттардын колдонулганын өзгөчө белгилейм.

Буга чейин улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыздоо үчүн бир катар чечимдерди кабыл алып, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн дараметин кадыресе жогорулатууга тийиштүү тапшырмаларды берген элем. Биз күбө болгон иш-чарада коопсуздукту камсыздоонун, түзүмдөрдүн дараметин жогорулатуунун өнүгүү темпи байкалып олтурат.

Бүгүнкүдөй атайын тактикалык машыгуулар мындан ары дагы ырааттуу өткөрүлүп турат. Ата-мекенибизде тынчтык болсун!  Мекен коргоо чегинде турган ар бир жоокерге чың ден-соолук, бекем эрк, бийик ар-намыс каалайм!».

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости