www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муфтият ажылыкка катталып, бирок барбай калган кыргызстандыктарды акчасын кайтарып алып кетүүгө чакырды.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кайрылуу жасап, быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штаб чечим чыгарганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-2020-2022-жылдары ажылык зыярат кылуу үчүн катталып, бирок барбай калган жарандарга төлөгөн акчасы кайтарып берилет. Муфтият алардын кезеги сакталып каларын эскертти.
Сауд Арабия быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн. Ар бир зыяратчы муфтиятка 4500 доллардан төлөп барып келишкен.
Эске салсак, былтыр 10-февралда УКМК муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын айтып, ошол кездеги муфтий Максат ажы Токтомушев менен мекеменин эсепчисин кармаган. Аларды зыяратчылар тарабынан түшкөн 100 миллион сомдон ашык сумманы насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөм алуу менен өз максаттарына жумшаган деп айыптаган. 2020-жылы пандемиядан улам ажылык сапар уюштурулбай калганына байланыштуу чогулган каражат муфтияттын эсебинде туруп калган эле.
Быйыл 2-августта Токтомушев ажылыктын коротулуп кеткен акчасын муфтиятка толугу менен кайтарып бергени белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg