www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын АКШдагы элчилиги Ак үй менен Мамлекеттик департаменттен өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровго жана орус делегациясынын бардык мүчөлөрүнө БУУнун Башкы ассамблеясынын сентябрда өтүүчү жыйынына катышуу үчүн виза берүүнү суранды. Бул тууралуу Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов «Россия-24» телеканалынын эфиринде билдирди.

«Элчилик Ак үйгө жана Мамлекеттик департаментке Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасынын аймагында жайгашкан мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууну, министрге жана орусиялык делегациянын бардык мүчөлөрүнө тез арада виза берүү өтүнүчү менен кайрылды», деди ал.

Элчинин айтымында, АКШ Орусия тарапка, анын ичинде БУУга болгон жумуш сапарларында бир нече жолу кыйынчылыктарды жараткан.

Антонов Мамлекеттик департаментке болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров баштаган орус делегациясы Башкы Ассамблеянын 77-сессиясынын бардык иш-чараларына толук кандуу катышуу маселесин көтөрүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 25-февралда АКШ Лавровго каршы санкция киргизген. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы АКШга кире албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости