www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият: Битир-садаганы тиркемелер аркылуу берсе болот

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы битир-садаганы тиркемелер аркылуу берсе болорун билдирди.

Муфтият Кыргызстан коммерциялык банкы ААК (Mbank), "РСК Банк" банкы жана "Альфа Телеком" ЖАК (MegaPay) менен биргеликте жарандар үчүн 2024-жылдагы битир-садаганы берүүнүн санариптик системасын иштеп чыкты.

Жарандар битир-садаганы жана зекетти берүүдө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын банктардагы эсептик счетторуна банкоматтар, терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу беришсе болот. Колдонуучулардын битир-садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Битир-садаганы мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?

1-кадам: MegaPay, Mbank же РСК банк тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;

2-кадам: "Кайрымдуулук" бөлүмүнө кирүү;

3-кадам: Битир-садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

4-кадам: "Реквизиттер" сабына кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.

Белгилей кетсек, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.

Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Базар баасы менен алганда мейиз – 680 сом, ун – 75 сом, арпа 85 сом болсо, курманын баасы 850 сомду түздү.

Эскертүү: Битир-садага берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости