www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматындагы жана «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги жооптуу кызматтагы адамдарга карата кылмыш иши козголду.

Бул ишти Октябрь райондук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен каттаган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2023-жылы жана 2024-жылдын алгачкы айларында райондук сот тарабынан бир катар жаран автоунаа каражатын башкаруу укугунан 1 жылга ажыратылган.

Бул мас абалында транспорт каражатын башкарып жүргөн учурда кармалганына байланыштуу. Бирок соттун чечимин Милициянын кайгуул кызматы менен «Унаанын» өкүлдөрү жашырып, өкүм аткарылган эмес. Ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык системанын ишине да кийлигишүү болгон.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости