www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын онго жакын аймагы учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын бүгүн 12-мартта өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме бул үчүн Украинаны айыптап, Белгород облусуна ракеталык сокку урулганын кабарлады.

25 учкучсуз учак «кармалып, жок кылынганы», дрондордун 11и Курск облусунун, жетөө Белгород жана калгандары Брянск, Ленинград, Москва, Орел, Тула облустарынын аймагынан кармалганы айтылды. Украина бул боюнча комментарий берген жок.

Орел облусунда дрон мунай сактоочу кампага тийип, өрт чыкканы, жанындагы үйлөрдүн тургундары эвакуацяи болгону, Нижний Новгороддо да мунай базасы өрттөнгөнү маалымдалды.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында баштаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости