www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу абактан качып кетип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ош облусунун эмгек-түзөтүү мекемеси тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 349-беренеси ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу") боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Р.К. аттуу жаранга издөө жарыяланган.

Жакында коомдук жайлардагы жүзүн таануу видео байкоо системасы аркылуу изделип жаткан жаран Бишкек шаарынын аймагынан кармап, андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү максатында тиешелүү кызматтарга өткөрүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости