www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин кезексиз шайлоосу алдында, дин кызматкерлерин саясий процесстерден оолак болууга чакырып, так позициясын жарыялады.

Муфтий Абдулазиз Закиров аймактык жана облустук казылар менен өткөргөн чукул жыйында диний кызматкерлерди шайлоо өнөктүгүнө катышпоого чакырды. Ал өз сөзүндө диний кызматкерлер мыйзам боюнча үгүт иштерине катышууга укугу жок экенин эске салып, мечит жана медреселердин саясий үгүт иштерине тартылышы таптакыр жол берилбей турганын баса белгиледи.

“Расмий дин кызматкерлерине толук жеткириңиздер. Имамдарыбыз үгүт иштерине тартылып же мечит-медреселерибизде саясий көрнөк-жарнактар болбошу керек”, – деди Закиров.

Мурдагы шайлоо өнөктүктөрүндө айрым диний ишмерлердин кайсы бир талапкерлерди түз же кыйыр колдогон учурлары коомчулукта сынга алынган. Айрым талапкерлер диний авторитеттерди колдонуп, өзүнө коомдук колдоо топтоого аракет кылганы белгилүү. Мечиттерде саясат тууралуу айтылып, кайсы бир саясатчыга добуш берүү чакырыктары айтылган учурлар болгон. Бул көрүнүштөр диндин саясатка аралашуусу жана диний мекемелердин бейтараптуулугу тууралуу олуттуу суроолорду жараткан.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, дин кызматкерлери шайлоо үгүт иштерине катышууга тыюу салынат. Бул ченемдин негизги максаты — коомдо диний негиздеги бөлүнүүлөрдү, саясатташкан диний маанайларды алдын алуу болуп саналат.

Муфтияттын шайлоо алдындагы билдирүүсү — мамлекеттик жана диний чөйрөнүн так ажырымын сактоого жасалган аракет. Бул, бир жагынан, диний мекемелердин мыйзамга ылайык иш алып баруусун камсыз кылса, экинчи жагынан — диндин коомдогу бириктирүүчү, эмес бөлүп-жаргыч күч катары таанылышын сактап калат.

Эгерде диний кызматкерлер ачык-айкын үгүт иштерине катыша баштаса, бул коомдо терс маанай жаратып, динди саясатка аралаштырып, диний поляризацияга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, Муфтият бул жолу алдын ала эскертүү берип жатканы туура кадам.

Последние новости