www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият Куран майрамын өткөрөт

Бүгүн 11-майда Бишкекте Куран майрамы өтөрүн Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Курандан дилим тазарат” аттуу иш-чара Улуттук филармонияда өтөт.

Иш-чаранын максаты Куран аяттарын чечмелөө экени айтылды. Анда өлкө аймактарынан тандалган мыкты карылар Куран окуса, белгилүү дин аалымдары аяттарды чечмелеп, түшүндүрүп берет.

Мындай майрам Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатканы маалым болду.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган, диний уюмдарга мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости