www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн кыргызстандык жаштар үчүн 50 миң доллардын тегерегинде стипендиялар каралып жатканын билдирди.

Бул туурасында Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Кымбаттуу уландар жана кыздар! Өлкөбүз билим берүү менен илимдин эң жогорку дүйнөлүк стандарттарына умтулуп жаткан кези. Муну мен биринчилерден болуп жан дилим менен колдоп, бул максатта "Эл үмүтү" аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койдум.

Программада дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн жаштарыбыз үчүн атайын стипендиялар каралды. Стипендияны быйылтадан тартып бере баштабайбыз, азырынча 50 стипендияны бөлүштүрүп туралы деп чечтик. Стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырсаңыздар болот, бирок, албетте, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет.

Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнөт. Биз жаш окумуштуу-окутуучуларыбызды өзгөчө колдоого алалы деп жатабыз. Анткени алар студенттердин улам кийинки муунуна өз билимдери менен бөлүшүп турушат.

Президенттик стипендиянын жаңы программасынан сырткары, менин тапшырмам боюнча, азыркы учурда өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу максаттуу келишимдерди иштеп чыгууга киришти. Ал окуу жайларга да биздин студенттер жөнөтүлөт.

Адам ресурстарына инвестиция жасоо – биздин ийгиликтерибиздин башкы ачкычы. Мен бул сөзүмдү кайталагандан эч тажабайм. Жаштар – элдин үмүтү жана ишеничи. Биздин жаштарды эң негизги ресурсубуз жана бөксөргүс байлыгыбыз деп билем", — деген өзүнүн постунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости