www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, иш-чара Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгынын алдында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев катышкан.

Иманкулов Кыргызстанда адилетсиз шайлоо өткөрүү үч жолу массалык толкундоолорго алып келгенин эске салып, шайлоону таза, адилеттүү өткөрүүгө чакырды. Ал президенттин шайлоону  таза өткөрүү боюнча жарлыгынын негизинде мамлекеттик органдарга мыйзамдарды так сактоо жана буйруктарды кынтыксыз аткаруу боюнча тапшырмалар берилгенин айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы отурумда Акылбек Жапаров да сөз сүйлөгөнүн билдирип, министрлер кабинетинин төрагасы билим берүү, медициналык тармактын кызматкерлерин, техникалык персоналды шайлоо процессине тартууга тыюу салынганын эскерткенин белгиледи. Жапаровдун айтымында, шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623,3 миллион сом бөлүнгөн.

Жыйында президенттин шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча жарлыгына ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости