www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого 730 эл аралык байкоочу көз салат

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия парламенттик шайлоого 295 байкоочуну каттады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Муну менен 23-ноябрга карата БШК жалпы эл аралык 730 байкоочуну каттаган.

"Булардын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет өлкөлүк шайлоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар", — деп айтылат маалыматта.

Шайлоого байкоочу жөнөткөн уюмдар:

  • КМШ миссиясы — 190 байкоочу;
  • ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укуктары бюросунан — 288;
  • ЕККУ Парламенттер аралык ассамблеясынан — 70;
  • ШКУ миссиясы — 17;
  • Европанын парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинен — 14;
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер ассамблеясы — 19;
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюмунан — 9;
  • Ислам кызматташтыгы уюмунан — 5 байкоочу.

БШК, мындан сырткары, шайлоого көз салуу үчүн бир нече мамлекеттин элчиликтеринен өкүлдөр келерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда (жекшемби) болот. Анда 90 депутаттын ичинен 54ү партиялык тизме менен шайланат. Калган 36сы бир мандаттуу округ менен келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости