www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районунун прокуратурасы райондук билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамдарына кылмыш иш козгоду. Прокуратуранын маалыматына караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамдары 2016-жылдын декабрь айынан тарта кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, райондун Талды-Суу айылынын Т.Тынымбаев атындагы мектебинин мугалими А.Ж. менен сүйлөшүүгө барышып, жалган маалыматтардын негизинде ага 2 бала төрөгөндүгү боюнча жөлөк пул берип турушкандыгы такталды.

Аталган мугалим чындыгында 1 гана бала төрөгөн. Бул аракеттердин кесепетинен мамлекетке 125 миң 253 сом зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Ат-Башы райондук прокуратурасы шектүүлөргө 2018-жылдын 14- февралында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмалоо, алдамчылык, шалакылык беренелери менен кылмыш иш козгоду.

Кылмыш иш Нарын облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык, аталган кылмыш ишти иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Нарын облустук башкармалыгына тапшырылды деп билдирет Турмуш басылмасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости