www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алган 15 чакты адам бүгүн, 23-декабрда Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты. Алар өзүлөрүн Бишкектен, Канттан жана Сокулуктан келген мугалимдер жана дарыгерлер деп тааныштырып, мамлекеттен ипотеканын негизинде батир алганын, бирок үстөк пайызын төлөөдө кыйналып жатканын айтып беришти.
Акцияга чыккандар алган айлык маянасы ипотеканы төлөөгө жетпей жатканын айтып, үстөк пайызды азыркы 7-10 проценттен 4 кылып берүүнү суранышты. Айрымдары акча төлөй албай, батиринен ажырап калуу коркунучуна кептелгенин билдиришти.
Ипотекалык компанияга буга чейин беш жолу барганын, эми өкмөттөн жардам сурап келгенин айтышты.
Пикетке чыккандардын өкүлдөрүн вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева кабыл алмай болду.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg