www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушу тапта ар бир мектепке мугалимдер жетишпей жатканы жалпыга маалым. Анткени, маянанын аздыгы мугалимдерди аргасыз башка жумуш менен алектенүүгө, өзүнүн улуу кесибин таштап, жан багуунун аргасы үчүн акчасы көп жумушка өтүүгө мажбурлап жатат. Муну баардыгыбыз билебиз. Бирок, Билим министрлиги элди анан так ошол билим булагы болгон мугалимдерди орой айтканда «келесоо» ойлойт экен. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева деген айым иштей албаганы аз келгенсип, эми анык чалмакейге өттү. Айталы, Билим берүү жана илим министрлигинин бюджет саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев, «Мугалимдерге саат бөлүштүрүүдө босого жүктөм киргизүү менен айлык маянасы көбөйөт» – деп айтып чыкты. Болсун деп сүйүнүп жатсак, аз саат менен иштеген мугалимдер кыскарат экен кашайып. Эми Баймурзаев деген аткаруучу бечера да, министр эмне десе ошону элге жеткирип жатат. Аны күнөөлөөгө мүмкүн эмес. Иттин өлүгү тиги министр айым Гүлмира Кудайбердиеванын «халатынын» алдынан чыгып атканын кантип билбей калалы. Деги бизде көңүл сүйүнтөрлүк иш алып барган министр болобу? Бул да болсо Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиеванын «ачылышы» го. Эми аз саат менен иштеген мугалимдерге ким жумуш берет? Министр айым муну ойлондубу?

Маалымат Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости