www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мугалимдердин айлыктары колдоруна тийе баштады.
Алар маяналарын жогорулатылган сумма менен алышууда. Эмгек акынын кошулганына ыраазы болгондор көп.
Бул жолу мектеп мугалимдеринин эмгек акысы дээрлик эки эсе көтөрүлдү. Мисалы, мектепке жаңы гана ишке кирген жогорку билимдүү мугалимдер мурда 10-12 миң сомго чейин маяна алышса, эми 20-23 миң сом болду. Көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалимдер 50 миң сомго чейин ала баштады.
Бирок айрым мугалимдер жаңы чегерилген айлыкка нааразы болуушуда. Анткени, так илимдеринин мугалимдеринин алды колго 50 миң сом алса, тарых сыяктуу гуманитардык сабактардын мугалимдери 30 миң сом алып чоң ажырым жаралганына нааразычылыктар айтылууда.
Кыргызстан азык-түлүк кризисине каршы жети пункттан турган атайын план кабыл алып, ага 126 млрд. сом бөлгөн. Анын 32 млрд 900 млн сомун мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө чегерген.
Булак: NazarNews.kg