www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко Батыш Минск менен Москваны санкциялар менен тизе бүктүрө албай турганын, аларда өздөрүнүн ресурстары жана технологиялары жетиштүү экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Беларусь менен Орусияны санкциялардан улам чөгөлөтүү мүмкүн эмес, анткени өлкөлөр жетиштүү ресурстарга, технологияларга жана чалгындоого ээ", - деген Лукашенко.
Беларустун президенти Александр Лукашенко санкциялык басым бизди жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө мажбурлап жатканына дагы бир жолу көңүл бурду.
“Базар ачык, ыйлабай, алдыга карай жылыш керек", - деди ал.
Эске салсак, Орусия 24-февралда Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча аскердик операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атады.
Буга жооп катары батыш өлкөлөрү Орусияга каршы бир катар жаңы санкцияларды киргизди. Көптөгөн чет элдик компаниялар Россия Федерациясындагы ишин токтотту.
Чектөө чаралары Батыш Орусиянын Украинадагы аскерий атайын операциясын колдоду деп айыптаган Беларуска да таасирин тийгизди.
Булак: NazarNews.kg