www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зыяндуу курт-кумурскалар Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган Ичан-Кала тарыхый комплексиндеги 33 тарыхый эстеликтин жыгач бөлүктөрүнө олуттуу зыян келтирүүдө.

Бул тууралуу Зоология институтунун директору, биология илимдеринин доктору Бахтиёр Холматов Ташкентте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, курт-кумурскалардан Ичан-Кала комплексинин курамына кирген Жума-мечит музейи, Пахлавон Махмуддун, Мухаммед Инактын мавзолейлери сыяктуу бир топ тарыхый эстеликтер олуттуу зыянга учураган.

Окумуштуу зыяндуу курт-кумурскалардын активдүүлүгү Сурхандарыядагы Хаким Ат-Термизи тарыхый эстеликтеринде, Кашкадарыядагы Хазрати Имам мечитинде, Навоидеги Имам Хасан-Хусейндин күмбөзүндө жана Каракалпакстандагы Миздакхан комплексинде да аныкталганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости