www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги №83 мектепте болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
16-февралда күндүз милицияга 69 жаштагы аскерге чейинки даярдык мугалими Б.К. менен 2010-жылы туулган жогорку класстын окуучусу М.К.нын ортосунда мушташ болгондугу айтылган. Мектепке ыкчам тергөө тобу барган. Мугалим окуучуну кол салууга айыптап, арыз менен кайрылган. Окуучу болсо ооруканага кайрылган.
Ошондой эле социалдык тармактарда окуянын видеосу тараган. Анда окуучулар мугалим менен бирге эшикте турганы, өспүрүмдөрдүн бири мугалимди жерге кулатканы көрүнөт.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталган.
Тергөө уланууда.