www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек укуктарын коргоо, социалдык камсыздоо жана эл аралык эмгек мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Мурадил Джумадилде уулу социалдык коргоо, эмгекти коргоо, укуктук жардам көрсөтүү жана эл аралык кесиптик байланыштарды өнүктүрүү багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.
«Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы жарандыгына карабастан бардык эмгекчилердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт. Ар бир кызматкер өзүн корголгон жана колдоого алынган сезиши керек», — деди ал.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, тараптардын мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө болгон өз ара кызыкчылыгын тастыктады.