www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер ондогон адамдар каза болгонун билдирүүдө. 

22-февралга караган түнү Пакистан армиясы Афганистан аймагына аба соккуларын жасаган. Натыйжада ондогон адамдар каза болуп, жаракат алгандар бар экени кабарланды. Ракеталык соккулардын алдында калган аймактарда аялдар жана балдар да болгону айтылууда.

Афганистандын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Нангархар жана Пактика провинцияларындагы тынч жашоочулар жашаган аймактар соккуга кабылган. Талибдер бул чабуулду «Афганистандын аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык укукту одоно бузуу» деп аташты.

Нангархар провинциясынын өкүлү BBC кабарчысына билдиргендей, соккулардын бири Шахобиддин аттуу адамдын үйүнө тийип, анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн 20га жакыны, анын ичинде аялдар жана балдар каза болгон.

Расмий Исламабад болсо согушкерлердин Пакистан менен Афганистандын чек арасындагы лагерлери жана баш калкалоочу жайлары бутага алынганын билдирди.

Пакистандын Маалымат жана телерадио берүү министрлигинин билдирүүсүндө өлкөдө тыюу салынган «Техрик-и-Талибан Пакистан» жана «ИШИД Хорасан» топтору, ошондой эле алардын бөлүмдөрү соккунун негизги буталары болгону айтылган.

Министрлик бул соккулар февраль айында Пакистандын аймагында, анын ичинде борбор шаар Исламабадда жасалган теракттар үчүн жооптуу жана Афганистанда жашырынып жүргөн топторго карата «жаза чарасы» экенин белгилеген.

Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, 22-февраль таңында «Талибан» Пакистан менен чек арага кошумча күчтөрдү жөнөтө баштаган. Атап айтканда, Торкхам чек ара өткөрмө пунктуна 40 автоунаа жана 250 аскерден турган алгачкы топ жеткендигин жазат kun.uz дүйнөлүк маалыматтарга таянып.

Последние новости