www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-мартта Албаниянын Тирана шаарында эл аралык рейтингдик Muhamet Malo турнири аяктайт. Соңку мелдеш күнүндө медалдар үчүн греко-рим күрөшү боюнча балбандар ат салышат.
Мелдештер 55, 60, 72, 82, 97 жана 130 кг салмак категорияларында өтөт.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортсмендер килемге чыгат:
• 55 кг чейин — Улан Муратбек уулу;
• 60 кг чейин — Курманбек Жапаров;
• 72 кг чейин — Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев;
• 82 кг чейин — Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;
• 97 кг чейин — Узур Жусупбеков, Мелис Айтбеков.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.