www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев 1-март Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнү менен куттуктады
Урматтуу адвокаттар!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Адвокаттар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга квалификациялуу юридикалык жардам алууга кепилдик берет.
Бул конституциялык норманын турмушка ашырылышы сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер аркылуу камсыздалууда.
Адвокаттык иш — бул жөн гана кесип эмес, бул мыйзамга, адилеттикке жана коомго кызмат кылуунун бийик миссиясы. Ал терең билимди, принципиалдуулукту, калыс позицияны жана адеп-ахлактык бекемдикти талап кылат.
Сот тутуму менен адвокаттык коомчулук бир максатты көздөйт — мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдун сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөө.
Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Адилеттик жолундагы кызматыңыздар ар дайым урмат-сыйга жана жогорку баага татыктуу болсун!