www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын форс-мажордук абал боюнча кайрылуусу
Урматуу умра зыяратчылары! Кадырлуу умра менен алектенген мекемелер!
Учурда Жакынкы Чыгышта абал курчуп, ыйык умра сапарына уюштурулуп жаткан авиакаттамдар үзгүлтүккө учурап, форс-мажордук абал жаралды.
Дал ушул себептүү, төмөнкүлөрдү билдиребиз:
Ушул тапта Мекке, Медина шаарларында кичи ажылыгын өтөп жүргөн мекендештер. Сиздер кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алып, фирмалардын жана умра башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана рейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө түшпөстөн, сабырдуулук менен күтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бул учурда дүйнөнүн тынчтыгы, үммөттүн биримдиги жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн дуба кылууңуздарды күтөбүз.
Ал эми умра сапарына аттанууну көздөп жаткан мекендештер! Абалга байкоо салып, аймактагы кырдаал жөнгө салынган соң гана кичи ажылыкка барууну пландооңуздарды суранабыз.
P.s.: Мамлекет тарабынан убактылуу ведомстволор аралык штаб түзүлүп, кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча тиешелүү иш аракеттер көрүлүп жатканын билдиребиз.
Урматтоо менен, КМДБнын умра бөлүмү