www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманбек Бакиевдин режими тушунда Акимжан Муйбиллаев Финполду жетектеп, бийликке жакпаган фигураларды жана «өгөй бизнесмендерди балыктай эле кууруп» турганы эсибизде. «Шилтеген кылычы зоо кулатып» дегендей.

Агезде Акимжан мультимиллионер сымал байып, асман тиреген объектилери, хансарайлары андагы оппозициячыл «Учур» гезитине чыккан болчу. Бирок кандуу бийлик өз баласын калкалап, андан дагы байыганга шарт түзгөнү жалганбы?

Кызыгы, 7-апрелден кийин заман өзгөрүп, Муйбиллаев баш айланткан байлыктары жана кыңыр иштери үчүн жооп бермек тургай, ээн-эркин эс алып, бул бийликтен дагы «крыша» таап алганы таңгалдырган болчу.

А бүгүнчү? Эски режимден калган дүнүйө-мүлкүн ого-бетер өркүндөтүп, жүзүнөн май тамып турган чагы. Жакында болсо келин алып, кудага Азиз Турсунбаев менен Искендер Гаипкуловду караан катары ээрчитип барганы жатыптыр.

Баса, бир учурда Акимжан дөөгүрсүп турганда, береги эки досун карабай кеткен болчу, эми душман көзүнө бел тутуп алганын карабайсыңбы? Айла жок, бирок ай лав ю.

Булак: “АЗИЯnews”

Последние новости