www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевди кепке тартып, Россиянын жарандык берүүнү жеңилдеткен саясаты боюнча сүйлөштүк. 

--Мукар мырза, коронавирус мен кыйын деген мамлекеттердин да шаштысын кетирип, экономикасына сокку уруп жатканда Россия неге атуулдук берүүнү жеңилдетип жатат? Бул саясаттын аркасында эмне бар деп ойлойсуз?

--Менимче Россия өзүнүн айтканын айткандай аткарган элди курамына киргизе албай  жатат. Бул биринчиси. Экинчиси, атуулдукту берүүнү жеңилдетип, биздин жарандарга  Россиянын атуулдугун берип, тымызын биздин жерди биздин элден бошотуу аракети башталганы жатабы деп кооптонуудамын. Анткени, өзүбүздүн мамлекетибиздин, эгемендүүлүгүбүздүн баркын билбей, көп учурда мүчүлүштүктөргө жол берип, өзүбүз эле аларга баш ийип, алардын кол баласына айланып алдык. Ошондон улам  жерибизге көз арткан саясат башталдыбы  деп кыжаалат болуп жатам.

--Кыргызстанды кыргыздардан неге бошотууга аракет кылышмак эле?

--Анткени, биздин жерге мекендин, жердин кадырын билбегендер эмес, татыктуу адамдар жашасын деп жатышабы деген ойго жетеленем. Себеби, КТРден кайра-кайра Россияда жарандык берүү жеңилдеди деген маалымат кетирип жатышат. Ошондон улам  кыргыздардын басымдуу бөлүгүнө Россиянын жарандыгын   берип, жерди бошотуу аракети  башталганбы деп кооптонуп жатам.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости