www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарында расмий сапар менен келген Венгрия премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы венгриялык кесиптешине республикага келип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чарасына катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Абылгазиевдин айтымында, кыргыз-венгер кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн толук түрдө пайдалануу үчүн кызматташтыктын жаңы багыттарын, анын катарында Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрүү жолу аркылуу аныктоо зарыл.
Өз кезегинде Виктор Орбан президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кыйла терең карап чыкканын белгиледи.
Анын айтымында, ар түрдүү багыттарда өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуу зарыл.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үстүбүздөгү жылы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашышты.
Булак: NazarNews.kg