www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт зарылдыкка жараша Ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтөт жана бизнести колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын курсунун төмөндөөсүнүн кесепеттерин турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт. 

Ал 2020-жылдын 9-мартында мунай заттын баасы 30%га түшүп, валюта биржасында Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын улуттук акчасынын курсунун төмөндөөсүнө алып келгенин белгиледи.   Анын айтымында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен тийиштүү маселелер талкууланды. 

«Өнөр жай түзүмүндө нефтегаз тармагынын үлүшү болгону 2%ды түзөт, бул өңүттөн алып караганда биздин экономика мунайдын баасына түздөн-түз көз каранды эмес. Бирок  өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өзгөрүүлөр өзүнүн таасирин  тийгизбей койбойт. Ошентсе да азырынча биздин өлкөдө күйүүчү майлардын баасы кармалып турат, кооптонууга негиз жок», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр 9-марттан тартып дүйнөлүк рыноктогу болуп жаткан кырдаалга тыкыр көз салып жатканын айтты. Ыкчам түрдө Улуттук банк менен биргеликте өткөрүлгөн жыйында валюта рыногундагы курстун кескин түрдө ылдый-өйдө болушун турукташтыруу жана өлкөдө экономикалык активдүүлүктүн деңгээлин кармап туруу боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. 

«Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте келген товарларга АКШ доллары менен төлөө үчүн рыноктон валюта сатып алган ири ишканалар менен, ошондой эле   акциздүү товарларды импорттогон компаниялар менен активдүү иштерди жүргүзүп жатат;  ишкер тараптардын келишимдик милдеттенмелерин  улуттук валюта менен иштөөсүнө өткөрүү максатындагы  маселе Россия Федерациясыны Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен бирге каралып жатат. Ушундай кырдаалдарда Өкмөт азыркы жүргүзүп жаткан саясатын уланта берет.  Эң негизгиси – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ата мекендик ишкерлерди жана бизнести колдоо саясатын күчөтөт.  Зарылдыгына жараша кошумча чаралар кабыл алынат.  Алар:  мамлекеттик сатып алуулар процессине ата мекендик компаниялардын катышуусун колдоо боюнча иштерди күчөтүү жана   товарларды, кызматтарды көбөйтүү; бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийди дагы 1 жылга узартуу жагын карап чыгуу (2022-жылга чейин). Быйылкы жылдан тартып Салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү көзөмөлдөөчү текшерүүлөрдүн саны кыскартылат. Эгерде компаниялар салык милдеттерин толугу менен аткарган болсо, анда текшерүүлөр дистанциялык режимге өткөрүлөт», - деди Министрлер кабинетинин жетекчиси. 

Мухаммедкалый Абылгазиев финансылык колдоолор боюнча, өлкөдөгү банктардан чет элдик валюталар менен алынган насыялар боюнча талдоолор жүргүзүлөрүн айтты. Керектүү көлөмдө социалдык-маанилүү товарларды ташып келүү багытында иштеген бизнеске колдоолор күчөтүлөрүн кошумчалады. 

«2015-жылы болгон мунай кризиси кыргыз сому ЕАЭБде туруктуу, күчтүү валюталардын бири болуп саналарын көрсөттү. Өзүңөргө белгилүү болгондой, 2015-жылы казак тенгеси 35%га, Россиянын валютасы дээрлик 40%га  төмөндөгөн, ошол эле учурда кыргыз сому АКШ долларына карата болгону 8% арзандаган. Бүгүнкү күндө дагы кыргыз сому ЕАЭС аймагында бирден бир туруктуу валюта болуп саналат. Муну өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулуктун сакталышы, ички рынок товарлар менен жетиштүү көлөмдө камсыздалып турганы, ата мекендик экономикадагы долларлаштыруу деңгээлинин кыскаргандыгы менен шартталды. 2019-жылдын жыйынтыгы менен 35%ды түздү», - деди премьер-министр. 

Премьер-министр биздин негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн өзгөрмө динамикасынын шартында так мониторинг жүргүзүп, так эсептеп, чечкиндүү жана маанилүү кадамдарга баруу зарыл экенин белгиледи. Ал ошондой эле пландалган социалдык милдеттенмелерди каржылоону жана мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен, чыгашаларды кыскартуу жана каражаттарды үнөмдөө менен бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости