www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирусту жуктургандардын саны 129 миңге жакындады

Дүйнө жүзү боюнча вирусту жуктургандардын саны 128 миң 343 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайда 13-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 932 адам жабыркаса, 50 миң 318 жаран сакайып, 3015 адам каза болду.

Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус 3 ай ичинде эле 114 мамлекетке тарап, жуктургандардын саны 128 миң 343 адамга жетти. Каза болгондордун саны 4720га жетсе, айыккандардын саны 68 миң 324 адамды түздү.

Италияда жуктуруп алгандар - 15 миң 113 адам, каза болгондор - 1016, сакайгандар - 1 258. Бул көрсөткүч менен Италия дагы деле вирустун экинчи очогу бойдон калууда. Иранда жуктургандар - 10 миң 75, каза болгондор - 429. Вирустан 2 миң 959 жаран сакайган. Ал эми Түштүк Кореяда 7 миң 869 адам жабыркап, 66 жаран каза болгон.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости