www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын салтына шайкеш келбеген бузукулукту жайылтууга аракет кылган бейөкмөтчүлөр аталардын жаркын элесин аздектеген Жеңиш аянтына чыгышып, жосунсуз жорукту жасашканы калк ичинде кенири талкууланып жатат. Кызыгы, аталган иш-чарага жакында эле КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине жетекчи болгон Рита Карасартова да катышты.

«Карышкырды канчалык баксан дагы эки көзү токойдо» деген чын окшойт, мамлекеттик кызматка келгенине карабай тастаңдап чыгып, мурдагы кожоюндарына жагыныш үчүн жагымсыз ишин улантууда. Шыйпаңдаган айым бул кадамы менен биринчиден, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузду. Тез арада чара көрүлүш керек. Бакыйган кызматта олтургандар бузукулукту жайылтып жатса, өлкөнүн келечеги кайда барат? Карасартова ушул иштен кийин келечек муунга кантип тарбия, таалим бсрет?

«Жатыным меники, эмне кылсам өзүм билем», «Күйөөгө тийбейм», «Төрөбөйм», «Келин болуу кулчулук» деген топту колдогон адам мамлекеттик жооптуу кызматта иштегенге моралдык укугу барбы? Биздин жаш муунду ушундай адамдын колуна тапшырганыбыз туурабы? Эгер тиешелүү органдар муну териштире албаса, Президент өзү киришип, тийиштүү чара көрөт деген ишеничтебиз.

Булак: Де-Факто

Последние новости